Биз менен байланышыңыз

Солтон-Сары чатагы: Нарында абал туруктуу. Жол жабылган жок

Кыска кабар | 7 Авг 2019 | 476 | 0

Солтон-Сары кениндеги чатак басаңдады. Жолдор жабылган жок. Бул тууралуу Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү маалымдаганын Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Бүгүнкү күндө Нарын облусунда абал туруктуу, эч кандай жол жабуу болгонжок. Коомдук коопсуздукту укук коргоо органдарынын кызматкерлери көзөмөлдөп жатышат”, — деп айтылат билдирүүдө.

Кытайлык “Zhong Ji Mining Company” тоо-кен компаниясынын кызматкерлери менен жергиликтүү элдин ортосундагы чыр чыккан. Кен казуучу компаниянын ишин токтотуу талабы менен чогулган элдин жүйөлөрүн угуп, бул маселени жеринде чечүү үчүн биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов жана тиешелүү кызматтын өкүлдөрү аталган аймакка барышкан.

Эки тараптуу сүйлөшүүдөн соң, талаптар угулуп, компания бир ай (териштирүү иштери бүткөнгө чейин) ишмердүүлүгүн токтотту.

Чогулган эл бийликке койгон талаптары аткарылганга чейин Нарын районундагы Кара-Чий айылында болорун айтышкан.

Эскерте кетсек, жергиликтүү жашоочулар Нарындын Солтон-Сары алтын кенин иштетип жаткан кытайлык “Zhong Ji Mining Company” компаниясынын ишин токтотууну талап кылып чыгышкан.

Copyright © 2017 Maral FM