Биз менен байланышыңыз

УКМК «Солтон-Сары» чатагы боюнча маалымат таратууда этият болууну эскертет

Кыска кабар | 6 Авг 2019 | 757 | 0

Улуттук коопсуздук комитети “Солтон-Сары” алтын кениндеги окуя боюнча эскертүү иретинде маалымат таратты. Анда массалык маалымат каражаттарында, интернет сайттарда жана социалдык тармактарда “Солтон-Сары” алтын кенинде болгон окуяга байланыштуу, коомдо улуттар аралык тирешүүгө алып келе турган видеоматериалдарды жайылтуу боюнча айтылат.

Таратылып жаткан видеоматериалдар коомчулуктун терс, кызуу реакциясын жаратып, ошондой эле инвесторлор менен  «Zhong Ji Mining company» компаниясынын кызматкерлерине карата жергиликтүү калктын ортосунда улут аралык тирешүүсүнө себеп болушу мүмкүн.  Мындай тенденция калктын нааразылыгын жаратып, каршылык акцияларына жана массалык башаламандыкка алып келүүчү жагдайларын жаратат”, — деп айтылат УКМКнын бүгүн тараткан маалыматында.

Буга байланыштуу, УКМК коомдогу чыңалууну алып келүүчү мүнөздөгү жогорудагы мааламаттырды жана видеоматериалдарды жайылткан авторлого эскертүү берүү укугун колдоноорун билдирет.

Copyright © 2017 Maral FM