Биз менен байланышыңыз

Өкмөт: Солтон-Сарыдагы «Zhong Ji Mining Company» ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду

Кыска кабар | 7 Авг 2019 | 730 | 0

Солтон-Сары кениндеги «Zhong Ji Mining Company» тоо-кен компаниясынын ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу биринчи  вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдиргенин Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Чечим Өкмөткө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцисынын тиешелүү корутундусунун негизинде кабыл алынган. Кечээ Кубатбек Боронов Нарын облусуна барып, анда ошол аймактагы айылдардын жашоочулары менен жолугушуп, чырлашкан эки тараптын тең жүйөлөрүн угуп, түзүлгөн кырдаалды чечүү жолдорун аныктады.

Кубатбек Боронов жергиликтүү жашоочулардын койгон талаптары мыйзам чегинде аткарыларын убадалады. Мындан тышкары кенде бул күндөрү жергиликтүү калктын жана кытай компаниясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда болуп өткөн окуяларга байланыштуу тыкыр тергөө жүргүзүлөрүн белгилеген.

Ведомстволор аралык атайын комиссия өз ишин жүргүзөт. Алардын ишинин жыйынтыгы боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынат”, — деди биринчи вице-премьер-министр.

 

Copyright © 2017 Maral FM