Биз менен байланышыңыз

Өкмөт кен иштетүү чөйрөсүндө коопсуздукту камсыздоону өзгөчө көзөмөлдөйт

Кыска кабар | 6 Авг 2019 | 524 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин «Кыргыз Республикасынын кен пайдалануу чөйрөсүндөгү коопсуздукту камсыздоо чаралары жөнүндө» чечимдерин ишке ашырууну өзгөчө көзөмөлдө кармайт.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү бүгүн тараткан маалыматта айтылат.

Белгилей кетсек, өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астындагы Коопсуздук кеңешинин жыйыны 2019-жылдын 30-январында өткөн.

“Кыргыз Өкмөтү тоо-кен тармагында жана кен иштетүү чөйрөсүндө жылдар бою топтолгон олуттуу көйгөйлөрдү, анын ичинде тоо-кен жаатын өнүктүрүүгө тоскоолдук жараткан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, инвесторлордун жана жергиликтүү калктын өз ара натыйжасыз аракеттенүүсүн чечүүнү өзүнүн артыкчылыктуу багыттары катары көрөт”, — деп айтылат Өкмөттүн маалыматында.

Мындан тышкары Өкмөт өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин чечимдерин ишке ашыруу, анын ичинде кен пайдалануу чөйрөсүн жөнгө салган мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүнү улантып жатканы белгиленген.

Copyright © 2017 Maral FM