Биз менен байланышыңыз

Зеленский 4 миң адамдын ичинен маалымат катчы тандады

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Июн 2019 | 1042 | 0

Украинанын президенти Зеленскийдин маалымат катчысы болуп Юлия Мендель аттуу журналист айым тандалды.

Буга чейин, Украинанын жаңы президенти Владимир Зеленский маалымат катчылыкка журналист издей турганын Facebook баракчасына жарыялаган болчу. Ал өзүнүн жарыясында маалымат катчылыкка эң аз үч тил билген, (украин, орус жана англис тилин сөзсүз билүүсү керек), журналистика тармагында тажрыйбалуу жана 24 саат бою иштөөгө макул болгондорду кабыл ала тургандыгын айткан.

Жарыядан соң, электрондук почтага 4 миңден ашуун резюме келип түшкөн. Каалоочулардын арасында кесипкөй журналисттерден тышкары, пиар-менеджерлер, теле алып баруучулар, блогерлер, актёрлор, студенттер да болгон. Мындан улам, Зеленский атайын сынак өткөрүүгө мажбур болгон.

Сынактын негизинде маалымат катчылыкка тандалып алынган  32 жаштагы Юлия Мендель Украинанын Херсон аймагында төрөлгөн. Киевдеги окуу жайда журналистика факультетин аяктаган. Буга чейин ICTV, «Еспрессо» жана «Интер» телеканалдарында эмгектенген. Ошондой эле, «Forbes» журналынын украиналык нускасы, америкалык «Politico» жана «The Wall Street Journal», «The New York Times», CNN сыяктуу эл аралык медиа тармактарында да иштеп келген.

Copyright © 2017 Maral FM