Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда уран изилдөө жана иштетүү иштерине тыюу салынды

Кыска кабар | 2 Июн 2019 | 803 | 0

Өкмөт радиоактивдүү элементтерди (уран) геологиялык изилдөө жана иштетүү максатында берилген лицензиялык аянттарда иш жүргүзүүгө тыюу салды. Буга байланышкан буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Буйрукка ылайык, мыйзамдык жөнгө салууга чейин, Жогорку Кеңештин 2019-жылдын 2-майындагы № 3027-VI «Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» токтомун аткаруу үчүн радиоактивдүү элементтерди геологиялык изилдөө жана иштетүү максатында берилген лицензиялык аянттарда иш жүргүзүүгө тыюу салынды.

Ал эми уран калдык сактоочу жайларын жана кен калдыктарын рекультивациялоо боюнча иштерге тыюу салынбай турганы билдирүүдө айтылат.

Copyright © 2017 Maral FM