Биз менен байланышыңыз

Депутаттарга жооп: «Өкмөт уранга тыюу салуу жөнүндө мыйзамды колдойт»

Кыска кабар | 3 Окт 2019 | 1269 | 0

Өкмөт «Кыргыз Республикасында уран, торий кендерин изилдөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан ишке тыюу салуу жөнүндө» мыйзам долбоорун илгерилетүүгө тоскоолдук жараткан кандайдыр бир жашыруун аракеттерди жасаган жок. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Өкмөттүн 24-июнундагы №314 токтому менен бул мыйзам долбоорун жактыруу боюнча Өкмөттүн расмий корутундусу чыккан.

Ушул жылдын 24-июнунда Өкмөттүн бул чечими мыйзам долбоордун демилгечилеринин бири болгон «Бир Бол» парламенттик фракциясынын лидери Алтынбек Сулаймановдун атына жөнөтүлгөн.

Мыйзам долбоордун корутундусуна Өкмөт жалпысынан Мыйзам долбоорду колдойт жана долбоорду кайра иштеп чыгууда айрым редакциялык мүнөздөгү сунуштарды эске алууну сунушталган.

Copyright © 2017 Maral FM