Биз менен байланышыңыз

Армениянын аткаруу бийлиги кыскарды

Дүйнө , Кыска кабар | 31 мая 2019 | 799 | 0

Армениянын аткаруу бийлиги реформага тушукту. Мындай өзгөртүүнү премьер-министр Никол Пашинян демилгеледи. Ал койгон Жарлыктын негизинде министрликтердеги 26 орун басар иштен алынды. Министрлердин саны да 17ден 12ге чейин кыскарды.

Пашиняндын каршылаштары анын бийликти ашыкча кыскартуусун сынга алышууда. Алар айрыкча, милиция кызматы жана коопсуздукту коргоо кеңештериндеги кыскартууларды колдогон эмес.

Мындай реформадан кийин Арменияда «супер» министрликтер пайда болду. Тактап айтканда, Маданият министрлиги менен Спорт жана жаштар иштери боюнча министрлиги Билим берүү жана илим министрлигинин алдына бириктирилди. Экономиканы өнүктүрүү жана инвестиция министрлиги менен Айыл чарба министрлиги кошулду. Дагы бир топ министрликтер кыскарууга дуушар болду.

Байкоочулардын айтымында, министрликтердеги мындай бириктирүүлөр ийгиликтүү болушу керек. Кокус, андай болбой калса, чоң башаламандык жаралат.

Copyright © 2017 Maral FM