Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын абактарында жалпы 340 чет элдик жаран жаза өтөөдө

Кыска кабар | 31 мая 2019 | 522 | 0

Учурда Кыргызстан Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында (ЖАМК) жалпы 9 миң 300 туткун жаза мөөнөтүн өтөөдө. Маалыматка ылайык, алардын ичинен 340 туткун чет өлкө жараны. Бул тууралуу Кыртаг жазып чыкты.

Чет элдик жаза өтөөчүлөрдүн эң көбү Өзбекстандын жарандары — 32,7 %. Кийинки орунда 24,5 % менен Тажикстандын жарандары турат. Орусиянын жарандары — 19 %, Казакстан – 16,9 %, Түркия – 2,6 % болсо, кытай жарандары – 0,5 пайызды түзөт.

Ал эми улуту боюнча алып караганда: кыргыздар – 62,1 %, орустар – 16,9 %, өзбектер – 9,8 %, тажиктер – 1,9 %, казактар – 1,3 %, дунгандар – 0,9 % жана 4,9 % башка улуттагылар жаза мөөнөтүн өтөөдө.

Copyright © 2017 Maral FM