Биз менен байланышыңыз

Мадылбеков: Азыр президенттин аброюн 3 маселе аныктайт

Кыска кабар , Пикирлер | 31 мая 2019 | 2296 | 0

Өкмөт Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерүү милдетин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына бергени туура эмес. Бул жерде депутаттык комиссия түзүү зарыл болчу. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Туратбек Мадылбеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, депутаттык комиссиянын курамына жарандык коомдун өкүлдөрүн, тажрыйбалуу адистерди, укук коргоо органдарынын кызматкерлерин кошуп, акыркы 10 жылда акчалар кантип уурдалганын аныктоого болот.

«Укук коргооо органдары көп жылдан бери чындыкты жашырып келген. Алардын иши да ортого чыгат. Комиссияны эл менен президент көзөмөлдөшү керек. Көзөмөл органдары акча уурдалганы боюнча ири кылмыштарды ачканын көрдүңөрбү? Терең карап Бажы кызматы Финпол менен иштегенде, акча уурдалмак эмес. Баары көз жуумп келгендиктен, мамлекеттик казына толбой калууда. Эми Финпол Матраимовдун мүлкүн айлап иликтеп, бир топ татаал маалыматтарды таап чыгат деген ойдомун», — дейт Мадылбеков.

Анын билдиргенине караганда, кримтөбөл Азиз Батукав, «Бажагейт», бажы маселелери президент Сооронбай Жээнбековдун аброюн аныктайт. Башкача айтканда, же көтөрөт же түшүрөт. Анткени, коомчулук аталган 3 маселеге абдан кызыгып турат.

«Баарын жоопко тарта турган болсо, байлыктарды кайтарып келүүгө болот. Мындайда өлкө башчынын аброю көтөрүлөт. Эгер тескерисинче, Жээнбеков буйтап чыгып кетчү болсо, элдин ишенин жоготот. Ушул жагдайга жол берген укук коргоо органдарынын кызматкерлери жооп бериши зарыл», — дейт экс-депутат.

Copyright © 2017 Maral FM