Биз менен байланышыңыз

Мадылбеков: ИИМге кызматка алуунун тартибин күчтөнтүү зарыл

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Сен 2019 | 550 | 0

Милицияларды тазалоодон мурда кызматкерлерди Ички иштер министрлигине кабыл алуу маселесин туура жүргүзүү зарыл. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Туратбек Мадылбеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мурда ИИМге кабыл алууда кызматкерлер жылдап текшерилсе, азыр ал процесс 1 айдын ичинде бүтөт. Натыйжада акыркы жылдары оор кылмышка барган кызматкерлер көбөйдү. Мындан улам ИИМге кызматка алуунун тартибин күчтөнтүү зарыл.

«Кадр маселесинин ашмалтайы чыгып турат. Бир кызматтан экинчисине секирип жатып, 10 жыл өтөт. Натыйжада кесипкөй кызматкер чыкпайт да, милиция алган билимин тажрыйба жүзүндө толук колдоно албайт. Ошондуктан бир кызматтан экинчисине которулуу болбошу керек. Мындан сырткары, жаңы кодекстерди алмаштырып ашмалтайын чыгарышты, кыйынчылыктар жаралууда. Тергөөчүлөр, оперативдик кызматкерлердин баары сыртта калып, тергөөчүнүн гана тапшырмасы менен иш аткарылып калды. Ошондуктан мыйзамдарды карап чыгуу зарыл», — дейт Мадылбеков.

Белгилей кетсек, 9-сентябрда Абылгазиев күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен болгон кеңешмеде ИИМге уюштуруу иштерин жолго салууну, кадрдык чечимдер топтомун кабыл алууну жана өз катарын карасанатай кызматкерлерден тазалоону тапшырган.

Copyright © 2017 Maral FM