Баткен облусунда дыйкандар арпа-буудайды дарылоонун жаңы ыкмасын пайдаланышууда. Тагыраагы, райондогу 19 гектар жерге эгилген кайрак эгин дрондун жардамы менен дарыланып жатат.
Айыл чарба тармагында жаңы ыкмалар менен иштеп келген «Мол түшүм» кооперативи буга чейин түз эгүү ыкмасын пайдаланып, жерди айдабай туруп, миң гектарга жакын жерге буудай сээп, түшүмдүүлүгүн эки-үч эсе көтөрүүгө жетишкен. Кооперативдин Баткен облусундагы жетекчиси Абдирашит Халмурзаев эми дрон менен дарылоо ыкмасына өтүп жатышканын айтып берди.
— Кара-Булак айылындагы 20 гектар жерде күздүк буудайыбыз бар. Эки жылдан бери Казакстандын сортун эгип келебиз. Бүгүн биз ушул дронду чакырып, 20 гектар жерди дарылап жатабыз. Аябай ыкчам экен, 1 гектарды 8 мүнөттө чачып бүтүрдү.
Кооперативге мүчө болгон дыйкандар жаңы ыкма менен эгин эгүүнү өздөштүрүшүп, атайын окуудан да өтүп келишкен. Кара-Булак айылынын тургуну Келдибек Бердиев жерди натыйжалуу иштетип, арзан баадагы жер семирткичтер жана сапаттуу үрөн менен камсыз болуп жатышканын белгилейт.
— Буга чейин кол менен сээп келгенбиз. Эми 2 жылдан бери «Мол түшүм» кооперативи менен иштешип баштадым. Быйыл 3 гектарга буудай септим. Былтыр 20 центнерден алганбыз. Быйыл 30-40 центнерден айланат деген үмүтүм бар.
Дрондун жардамы менен Баткенде күздүк буудайга дары себүү «Агродрон» долбоорунун алкагында ишке ашууда. Долбоордун өкүлү Азирет Кенжеевдин айтымында, мындай ыкманы колдонууда био органикалык дарылар аз колдонулуп, иш тез убакытта аткарылат.
— Бул долбоор ушул жылы эле башталып, бүгүнкү күнгө чейин 150 гектар аңызга дары чачып чыктык. Агродрондун өзгөчөлүгү тракторго караганда тез иштейт.