Биз менен байланышыңыз

Алтынай Өмүрбекова аялдар колониясындагы балдарды майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 30 мая 2019 | 473 | 0

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Чүй облусунун Аламүдүн районунун Степное айылындагы аялдардын колониясындагы апалары менен жашаган балдарды майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Вице-премьер-министр тигүүчү, кийизден буюм жасоочу, нан бышыруучу цехтерди, жашылча-жемиш күнөсканасын, ошондой эле «Таза зона» реабилитациялоо жана коомго аралаштыруу борборунун учурдагы иштери менен таанышты.

Бул борбордо 8 аял баңгиликтен жана ичкиликтен арылуу үчүн дарыланып жатышат. Ошондой эле, кийим тигүүчү чакан ишканада жана күнөсканада иштешет. Мындан тышкары, соттолгон 7 аял балдары менен ымыркайлар үйүндө жаза өтөшүүдө.

Жолугушууда колониядагы аялдар бир катар суроолорун беришип, мекеменин китеп фондун жаңы китептер менен толуктоо өтүнүчү менен кайрылышты.

Кошумчалай кетсек, бул мекеме 416 соттолуучуга эсептелген, иш жүзүндө мында 330 аял жазасын өтөөдө. Алардын 70и кесиптик техникалык окуу жайда тигүүчү жана чач тарач адистиктери боюнча окуп жатышат.

Copyright © 2017 Maral FM