Биз менен байланышыңыз

Масалиев: Өкмөттө кадрдык жүрүштөр туура эмес болду

Кыска кабар , Пикирлер | 30 мая 2019 | 428 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев «Марал» радиосуна берген маегинде өкмөттө кадрдык жүрүштөр туура эмес болгонун билдирди.

Анын айтымында, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кадрларды алмаштыруу менен өз катасын бирөөгө жүктөп жатат.

«Алсак, Абылгазиевдин бажасы, «Ачык Өкмөт» долбоорунун катчылыгынын мурдагы жетекчиси Иманкадыр Рысалиев макулдук алмайынча өкмөттүн жыйындарын башкармак эмес. Абылгазиев өз катасын бирөөгө жүктөп жатат. Өкмөткө биринчи кезекте КСДП жоптуу. Көпчүлүк коалициядагы башка фракциялар кийин кошулган, алар бир да министрдин тагдырын чече албайт. Бир гана КСДП 9 жылдан бери өлкөнү башкарып келе жатат. Андыктан, жооопкерчилик толугу менен ошолордун мойнунда», — дейт Масалиев.

Ал парламенттеги коалициялык көпчүлүк өкмөттүн курамына аралашпаганын белгиледи.

Эл өкүлү мындан сырткары, Абылгазиев Социалдык фонддо жакшы иштеп жүргөнүн, бирок жетекчи болгон соң, талаптарга дал келбей калганын белгиледи.

«Эч ким моралдык жоопкерчилик деген нерсени түшүнбөй жатат. Бүгүнкү күндө жетекчилер көгөрүп туруп алат. Министрлер коёнго окшоп жер карап отурушат. Анткени, өкмөттө команда деген түшүнүк жок», — дейт депутат.

Кошумчалай кетсек, 29-майда Жогорку Кеңеш Экономика министрлигине Санжар Муканбетовдун, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине Эркинбек Чодуевдин, Өкмөттүн Аппарат жетекчилигине Самат Кылжыевдин жана Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагалыгына Дастан Догоевдин талапкерлигин жактырган.

Copyright © 2017 Maral FM