Биз менен байланышыңыз

Өкмөттүн мурдагы аппарат башчысы Самат Кылжыев кармалды

Кыска кабар | 12 Ноя 2020 | 707 | 0

Өкмөттүн аппаратынын мурдагы башчысы Самат Кылжыев кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, мекемелер аралык ыкчам-териштирүү тобу радио жыштыктарды сатуудагы жана аларды иштетүүдөгү лицензияларды кайра каттоо боюнча жемкорлукка катышы бар жооптуу кызматкерлерди аныктоо ишин жүргүзгөн.

Анын жыйынтыгында, Кылжыев 11-ноябрь күнү кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Жыштык сатуу фактысы боюнча 1-октябрда мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев да суракка чакырылган болчу.

 

Copyright © 2017 Maral FM