Биз менен байланышыңыз

Бишкек шаардык соту Абылгазиевди камакта калтырды

Кыска кабар | 15 Фев 2021 | 745 | 0

Бишкек шаардык соту экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди камакта калтырды. Бул тууралуу анын адвокаты Данияр Эркимбаев жергиликтүү басылмалардын бирине билдирген.

Анын айтымында, сот бүгүн ушундай чечим кабыл алды. Буга чейин Биринчи май райондук соту мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди 2021-жылдын 26-мартына чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин тергөө абагына камоо чечимин чыгарган.

УКМК 26-январда мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевди мыйзамсыз баюу жана коррупцияга байланыштуу кармаган. Ал премьер-министр болуп турганда мамлекеттин жана жарандардын кызыкчылыгына каршы келген токтомго кол койгон.

Тагыраагы, «Кумтөр Голд Компани» ишканасына геологиялык чалгындоо жана алтын казуу иштерин жүргүзүүгө кошумча жер бөлүнгөн. Натыйжада, кендин жалпы аймагы эки эседен ашуун көбөйүп, мөңгүлөрдү жана корукту кошкондо 26,3 миң гектарды түзүп калган.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, ал кезде аталган кендин аймагын кеңейтүүгө тыюу салган токтом күчүндө болчу.

Абылгазиев мындан тышкары, мамлекеттик кызматта жүргөндө мыйзамсыз түрдө өзүнүн мүлкүн расмий кирешесинен бир нече эсе ашырган. Аны мыйзамдаштыруу максатында Бишкек шаарынын, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын аймагынан кымбат баалуу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объектилерин сатып алган.

Ошондой эле көп батирлүү элиталык үйлөрдү курууга инвестицияларды жасаган. Кылмыш жоопкерчилигинен качуу үчүн бул мүлктөр башкалардын атына катталган.

Copyright © 2017 Maral FM