Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Мамлекет спортко чоң көңүл бөлө баштады

Кыска кабар | 13 мая 2020 | 763 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 13-майда Жогорку Кеңештин отурумунда мамлекет спорт, адамдардын ден соолугуна абдан чоң көңүл бөлө баштаганын билдирди.

Анын айтымында, кыргызстандык спортчулардын Токио олимпиадасына 5 лицензия жеңип алышы, спорт күрөшү боюнча Айсулуу Тыныбекованын алтын медаль алышы, футбол боюнча тарыхта биринчи жолу Азия кубогуна катышып 8-орунга татышы, волейбол боюнча Азиянын V чемпионатында зонада чемпион болушу мамлекет спортко чоң көңүл бөлө баштаганынын натыйжасы.

«Булардын барын колдоо үчүн өкмөт тараптан айлык, стипендиялады көтөрүүгө бюджеттен 103 млн сом каражат бөлүндү. Спорт тармагында акыркы эки жылдын ичинде аймактарда 200 спорт объекти салынды. 2019-жылы 1 млрд сомго жакын каражатка 128 объект курулуп, оңдоп-түзөөдөн өттү. Өткөн жылдан тарта алдыңкы спортчулардын стипендиясы 45 миң сомдон 75 миң сомго чейин көтөрүлдү. Машыктыруучу, окутуучу курамдын айлык акылары 50%га чейин жогорулады», — деди өкмөт башчы.

Copyright © 2017 Maral FM