Биз менен байланышыңыз

Аскер кызматкерлерине компенсация төлөнөт

Кыска кабар | 13 мая 2020 | 671 | 0

Өзгөчө абал режими учурунда коронавирус инфекциясынын жайылуусуна жол бербөө боюнча иш-чараларга тартылган укук коргоо органдарынын, тиешелүү түзүмдөрдүн аскер кызматкерлеринин бардыгына тийиштүү компенсациялык төлөмдөр төлөнөт.

Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңешинтин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин отурумунда билдирди.

Ал депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, буга чейин парламенттин жыйынында айтылган анын сөзү контексттен тыш чечмеленгенин белгиледи.

-Тийиштүү мыйзам, Өкмөттүн чечимдери бар жана биз аларды аткарабыз. Бул маселе боюнча көйгөй жок. Акча каражаты бар, — деди өкмөт башчы.

Ал белгилегендей, пенсияларды, айлык акыларды, жөлөкпулдарды жана башка социалдык төлөмдөрдү төлөө боюнча маселе жок.

Copyright © 2017 Maral FM