Биз менен байланышыңыз

Өкмөт башчы карантинден кийин өнүгө турган ишкердиктин түрлөрүн атады

Кыска кабар | 28 Апр 2020 | 1257 | 0

Кризистен кийинки мезгил экономикадагы бир канча  тармактын өнүгүшүн шарттайт. Бул тууралуу  премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Республикалык штабдын жыйынында билдирди. Ал коронавирустун келиши мамлекет үчүн чоң сабак болгонун, экономиканын реалдуу мүмкүнчүлүктөрүн баамдоого шарт түзгөнүн айтты.

Ошондой эле бул кырдаалдан соң өнүгүүгө өбөлгө ала турган тармактарды атады.

Бул биринчи кезекте медицина, медициналык технологиялар, адамдык потенциалды өнүктүрүү, дистанттык билим берүү жана аралыктан кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык түрлөрү, электрондук коммерция жана соода. Санариптештирүү саясаты натыйжалуулугун көрсөттү. Мисалы, бүгүн биз дистанттык салыктык текшерүүлөр тууралуу чечимдин үзүрүн көрө алабыз», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Эскерте кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков 28-апрелде өткөн коопсуздук кеңешинин жыйынында айрым аймактарга киргизилген өзгөчө абал режими 10-майга чейин созула турганын айтты. Ал эми ишкердиктин айрым түрлөрүнө 1-майдан баштап иштөөгө уруксат берилди.

Copyright © 2017 Maral FM