Биз менен байланышыңыз

Президент жаңы министрлерди жана жетекчилерди дайындады

Кыска кабар | 30 мая 2019 | 586 | 0

29-майда Жогорку Кеңештин депутаттары колдогон 4 ведомство жетекчилигине талапкерлерди бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков кызматка дайындады. Анын жарлыгына ылайык, Эркинбек Чодуев Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелорация министри, Санжар Муканбетов Экономика министри, Дастан Догоев Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы, Самат Кылжыев Өкмөттүн Аппарат жетекчиси болуп дайындалды. Мындай жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Эскерте кетсек, 29-майда Жогорку Кеңеш 4 ведомство жетекчилигине талапкерлерди карап, баарын колдошкон.

Copyright © 2017 Maral FM