Биз менен байланышыңыз

Бишкекте ТүркПАнын комиссиясынын жыйыны өтөт

Кыска кабар | 30 мая 2019 | 448 | 0

Бүгүн, 30-майда Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын Айлана-чөйрө жана табигый ресурстар боюнча комиссиясынын бешинчи жыйыны өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлашты.

Ага Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия мамлекеттеринин парламент өкүлдөрү катышары маалым болду. Жыйында жаратылыш ресурстарын экологиялык жактан туруктуу пайдалануу чараларына байланышкан маселелер талкууланат.

Copyright © 2017 Maral FM