Биз менен байланышыңыз

Президент Сооронбай Жээнбековдун Казакстанда иш сапары уланат

Кыска кабар | 29 мая 2019 | 423 | 0

Президент Сооронбай Жээнбековдун Казакстандагы иш сапары уланат.

Мамлекет башчысы Нур-Султан шаарындагы Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин мааракесине катышат. Жыйында эл аралык ишмердүүлүккө, санариптик күн тартип, жалпы электр энергетикалык рынокту түзүү жана ЕАЭБ алкагында мындан аркы интеграциялоого тийиштүү 20дай документти талкуулоо жана кабыл алуу пландалууда.

Өлкө башчысы кечээ Казакстандын Эл башы Нурсултан Назарбаев жана президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушууларды өткөргөн. Анда эки тараптуу мамилелер боюнча маселелердин бардык багыттары талкууланган.

Сооронбай Жээнбеков «Қазақстан Республикасынын алгачкы президенти — элбашы Нурсултан Назарбаев» ордени менен сыйланды. Сыйлык Евразиялык интеграциянын 25 жылдыгын белгилөөнүн жана Евразиялык экономикалык биримдик келишимине кол коюунун 5 жылдыгынын урматына, ошондой эле, казак өлкөсү менен мамилени тереңдетүү жана өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыйгарылган.

Copyright © 2017 Maral FM