Биз менен байланышыңыз

Кадрдык жаңылануу өкмөттү кризистен куткарабы?

Саясат | 28 мая 2019 | 563 | 0

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматына социалдык тармакта колдоо таап, андан соң «Бир Бол» фракциясы сунуштаган Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин өкмөт колдогон жок. Бул тууралуу тармактык комитеттин бүгүнкү жыйынында белгилүү болду. Мындан сырткары, Экономика министрлигине жана Маалыматтык технология жана байланыш комитетинин жетекчилигине талапкерлерди сунуштоо каралды. 

«Жаштыгы менен билиминен сырткары, тажрыйбасы да болушу зарыл». «Бир Бол» фракциясы сунуштаган Тилек Токтогазиев жаңыча көз карашы бар жаш ишкер экендигин белгилеген премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматына Эркинбек Чодуевдин талапкерлигин сунуштады. Анткени, 55 жаштагы Чодуев күнөскана бизнеси менен алектенген Токтогазиевге караганда тажрыйбалуураак. Тагыраагы, 5 жылдан бери министрдин орун басары болуп эмгектенип келет.

— Мамлекеттик кызматта тажрыйбасы болбосо, мен ойлойм, жалаң эле жаштыгына басым жасап коюу туура эмес. Ошого карабай, эл өкүлдөрү калоолорун айткандан кийин, Токтагазиев Тилекти кечээ Кубат Айылчиевич чакырып сүйлөштү. Энергиясы бар, билими бар мекендеш экен. Бирок тажрыйба керек. Аны жаш адис катары министрликке тартып, өзү иштеген багытта колдоо көрсөтүп, тажрыйба топтоого жардам берсекпи деп жатабыз.

Ал эми Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин жетекчилигине президенттин коомдук кеңешчиси Дастан Догоевдин талапкерлиги каралды. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Догоевдин талапкерлигин жеке өзү көрсөтүп жаткандыгын билдирди.

Догоев жыл башындагы паспорт жана тендер чырына байланыштуу УКМКга күбө катары сурак берип чыкканы белгилүү. Ал эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берип жатып, тендер чыры боюнча айыптоодон акталарына үмүтү бар экенин билдирди.

— Мен жеке жаран катары да, ушул тармакта иштеп келген адис катары да ишенгим келет, баары такталат. Мен күбө катары маалымат бердим. Тергөө жыйынтыкталып, сот чечим кабыл алат, балдар акталат деген ойдомун. Жеке менин алардан шектенүүм жок. Ак экенине ишенем.

Комитет ошондой эле, Экономика министринин кызматына Санжар Муканбетовдун талапкерлигин карады. Бул кызматты жетектеп келген Олег Панкратов жазган арызына ылайык, ээлеген кызматынан бошотулган.

Эл өкүлү Таабалды Тиллаев өкмөткө мүмкүнчүлүк берилип жаткандыгын айтып, министрликке талапкерлерди премьер-министр жеке өзү сунуштаган соң, кийинки жоопкерчилик да анын мойнунда экенин белгиледи.

— Негизинен баары эле өкмөттө иштеген кишилер экен, баарын колдодук. Айта турган сөздөрдү айттык. Эми бул жерде парламент катары премьер-министрге мүмкүнчүлүк берип жатабыз. Жеке өкмөт башчынын өзүнүн тандоосу болду. Эч ким кийлигишкен жок, муну өзү да айтып өттү. Өзүнүн кадрларын алып келип жаткан соң, жоопкерчиликти да мойнуна алууда.

Ал эми саясат талдоочу Марс Сариевдин айтымында, бүгүнкү күндө премьер-министр алмашмайынча, өкмөттөгү кадрдык кризистин абалы өзгөрбөйт. «Өкмөт иштейм деген жетекчи издөөгө кызыкдар болгондо, элдин колдоосун тапкан менеджерлерди тартмак», — дейт.

— Эгерде иштей турган кадрларды издесе, жанагы ишкер баланы койсо болот эле. Азыр өзү билген, тааныган кишилерди коюуда. Бүгүнкү күндө өкмөттө кризис болуп жатат, менеджерлер керек. Ошолорду издеп таппаса, жыйынтыгы башкача чыгат. Ошондой эле, мен ойлойм, премьер-министр алмашмайынча, кризистик абал ушул бойдон кала берет. Кандай гана кадр келбесин, абал өзгөрүшү кыйын.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети жыйындын соңунда, Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы кызмат ордуна Дастан Догоевдин, Экономика министринин кызматына Санжар Муканбетовдун жана Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматына Эркинбек Чодуевдин талапкерлигин жактыруу чечимин кабыл алды.

Ал арада, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Эрмек Ибраимовду Кыргызстандын Белоруссиядагы жана ишти айкалыштыруу боюнча Минск шаарындагы резиденциясы менен Латвия жана Эстониядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кылып дайындоону карап, көпчүлүк добуш менен макул болушту.

Copyright © 2017 Maral FM