Биз менен байланышыңыз

Австриянын жаш өкмөтү отставкага кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 28 мая 2019 | 658 | 0

Австрия президенти Александер Ван дер Беллен Себастьян Курц жетектеген Өкмөттү отставкага кетирди.

Президент канцлерлик милдетти убактылуу аткарып туруу үчүн Финансы министри Хартвиг Легерге тапшырды. Ал министрлер кабинетин сентябрь айында парламенттик шайлоо өтүп, жаңы канцлер дайындалганга чейин жетектейт. Ошондой эле, аталган убакытка чейин министрлер кызматын уланта берет.

Эң жаш канцлер аталган Себастьян Курц бийликте эң аз отурган жетекчи катары тарыхта калды. Тактап айтканда, ал кызматында болгону 525 күн гана отурган.

Вена университетиндеги Евразиялык изилдөө борборунун илимий координатору Александр Дубовинин ою боюнча, Себастьян Курц күзүндө канцлердик орунга кайра кайтып келет. Себеби, Курц жетектеген Австрия элдик партиясы мөөнөтүнөн мурда өтүүчү сентябрдагы шайлоодо көпчүлүк добуш менен жеңишке жетишери күтүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM