Биз менен байланышыңыз

Жээнбековду Казакстандын Улуттук экономика министри тосуп алды

Кыска кабар | 28 мая 2019 | 441 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-майда, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин  мааракелик жыйынына катышуу үчүн эки күндүк иш сапары менен Нур-Султан шаарына барды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчыны Нур-Султандагы эл аралык аэропорттон Казакстандын Улуттук экономика министри Руслан Даленов, Нур-Султан шаарынын акиминин орун басары Ерлан Каналимов,  Тышкы иштер министринин орун басары Ермек Кошербаев жана Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Жээнбек Кулубаев тосуп алышты.

Мамлекет башчыны Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, Президенттик Аппараттын Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жана  Финансы министри Бактыгүл Жеенбаевалар коштоп барышты.

Жогорку Евразиялык  экономикалык кеңештин жыйыны тар жана кең чөйрөдө өтөт, жыйындын жүрүшүндө ЕАЭБ алкагында мындан аркы интеграциялоого тийиштүү 20дай документти талкуулоо жана кабыл алуу пландалууда.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM