Биз менен байланышыңыз

Кальян үчүн тамеки өндүрүмдөрүн мыйзамсыз ташыгандар кармалды

Кыска кабар | 28 мая 2019 | 459 | 0

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери ЕАЭБтин аймагына «Serbetli» маркасындагы кальян үчүн тамеки өндүрүмдөрүн мыйзамсыз ташып келе жаткан жаранды кармашты.

26-май күнү болжол менен кечки саат 22:00дө Дордой базарынын аймагынан бажы тариздөө жайына чейин белгиленген багытты бузгандыгы үчүн Түркиянын В.U. аттуу жараны башкарган  DAF XF-95 480 үлгүсүндөгү автоунаа токтотулган. Анын багажын текшерген учурда товар коштоп жүрүүчү документтерде көрсөтүлбөгөн, жалпы салмагы 6390 кг кальян үчүн тамеки өндүрүмү табылган.

Соода өнөр жай палатасынын экспертизасына ылайык, кармалган товардын орточо базар баасы 12 млн. 213 миң 300 сомду түзөт.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, чогултулган материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Copyright © 2017 Maral FM