Биз менен байланышыңыз

Тонна мандарин жана темир. Баткенде аткез жүк кармалды

Кыска кабар | 1 Апр 2021 | 1297 | 0

Баткен облусунун чек арасынан жалпы суммасы 2 тонна мандаринди мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылгандар аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү бүгүн кабарлады.

Баткен районунун Кожом-Булак аймагында 2001-жылы туулган Т.М. аттуу жаран ири көлөмдөгү мандарин жүктөлгөн «Kia-Bongo» унаасы менен Кыргызстандын чек арасына кирүүгө аракет кылган. Анын жанында товарды тастыктоочу документтер болгон эмес.

Ошондой эле Борбордук аймагында 1983-жылы туулган А.И. аттуу Тажикстандын жараны «Hyundai-Porter » унаасы менен өткөрмө пунктунан тышкаркы аймактан 2.5 тонна темирди Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган жеринен кармалган.

Тиешелүү документтер толтурулуп, кармалгандар аткез жүк жана бодо малы менен кошо кошумча иликтөө үчүн тиешелүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Copyright © 2017 Maral FM