Биз менен байланышыңыз

«Түштүктөгү аткезчиликте эл аралык деңгээлдеги кызыкчылыктар бар»

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Мар 2021 | 615 | 0

Чек ара маселесинде саясий элиталардын эбегейсиз чоң кызыкчылыктары бар. Мындай пикирин мурдагы Айыл чарба министри Тилек Токтогазиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, лидерлер сол же оң чөнтөккө иштей турганын чечиши зарыл. Маселен, өкмөт аралык жолугушууларда, өзбектер да, кыргыз тарап да суу маселесин козгогусу келбейт. Бирок бул маселени ачык айтып чечүү керек, болбосо бара-бара согушка чейин алып барышы мүмкүн. Анткени суу көйгөйү жылдан-жылга курчуйт.

Ал  аткезчилик менен күрөшүү үчүн жогорку кызматтагылардын саясий эрки жетпей жатканын бир мисалга таянып түшүндүрдү.

«Мен министр болуп турганда: «Кошумча кызматкер берсеңер, Кызыл-Кыядагы аткезчиликти 1 жумада токтотом. Эгерде токтото албасам, жумуштан кетүүгө даярмын», — дедим. Бирок жогору жактагылардын саясий эрки жетпей койду. Ал жактан бензин, күйүүчү май, мүмкүн баңгизат ташылат. Бул жерде эл аралык деңгээлдеги кызыкчылыктар да болушу ыктымал. Каалоо болсо, аткезчиликти токтотууга болот», — дейт экс-министр.

Токтогазиев: 2025-жылга барып Борбор Азияда суунун айынан согуш чыгышы мүмкүн

Copyright © 2017 Maral FM