Биз менен байланышыңыз

Токтогазиев: 2025-жылга барып Борбор Азияда суунун айынан согуш чыгышы мүмкүн

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Мар 2021 | 6147 | 1

Чек ара маселесинде саясий элиталардын эбегейсиз чоң кызыкчылыктары бар. Мындай пикирин мурдагы Айыл чарба министри Тилек Токтогазиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, лидерлер сол же оң чөнтөккө иштей турганын чечиши зарыл. Маселен, өкмөт аралык жолугушууларда, өзбектер да, кыргыз тарап да суу маселесин козгогусу келбейт. Бирок бул маселени ачык айтып чечүү керек, болбосо бара-бара согушка чейин алып барышы мүмкүн. Анткени суу көйгөйү жылдан-жылга курчуйт.

Өзбек тарап суу сактагычтарды жакшы карап берүү үчүн Кыргызстанга акча төлөйт. Бирок Кыргыз Өкмөтү алган каражатын максаттуу пайдаланбайт.

«Өзбек тарап: «Биз акча берсек да, силер суу сактагычтарга ремонт жасабай жатасыңар», — дешет. Бир күн дамба жарылып кетсе, эл аралык маанидеги чырга алып келет. Айрым эксперттердин пикиринде, Борбор Азияда 2025-жылдарга барып, суунун айынан чоң согуш чыгат. Суу маселесинде азыртан так иштешпесек, чоң чырга айланары анык», — дейт Токтогазиев.

Ал мындан сырткары аткезчилик менен күрөшүү үчүн жогорку кызматтагылардын саясий эрки жетпей жатканын бир мисалга таянып түшүндүрдү.

«Мен министр болуп турганда: «Кошумча кызматкер берсеңер, Кызыл-Кыядагы аткезчиликти 1 жумада токтотом. Эгерде токтото албасам, жумуштан кетүүгө даярмын», — дедим. Бирок жогору жактагылардын саясий эрки жетпей койду. Ал жактан бензин, күйүүчү май, мүмкүн баңгизат ташылат. Бул жерде эл аралык деңгээлдеги кызыкчылыктар да болушу ыктымал. Каалоо болсо, аткезчиликти токтотууга болот», — дейт экс-министр.

Президенттин Өзбекстанга сапарында 22 документке кол коюлду

1 пикир

1 пикир

  1. айбек

    12.03.2021 18:09

    мыкты

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM