Биз менен байланышыңыз

Монголиядагы элчиликке Канайым Бактыгулова дайындалды

Кыска кабар | 27 мая 2019 | 475 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргызстандын Кытайдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Канайым Бактыгулова Кытайдын Бээжин шаарындагы резиденциясы менен эки ишти айкалыштыруу боюнча Кыргызстандын Монголиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси да болуп дайындалды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, Канайым Бактыгулова буга чейин дагы 2013-2017 жылдары Кытай менен Монголиядагы ыйгарым укуктуу элчилик кызматты аркалаган.

Copyright © 2017 Maral FM