Биз менен байланышыңыз

Балыкчы шаары инфратүзүмдүк шартка муктаж

Коом | 21 мая 2019 | 786 | 0

«Ысык-Көлдү өнүктүрүү» фондуна «Кумтор Голд Компани» 1997-жылдан бери ишканасынын дүң кирешесинен 1 %дык өлчөмдө акча которуп келет. Анын алкагында өткөн жылы 2018-жылы фондго 504,8 миллион сом келип түшсө, бул жылы 557 миллион сом которулары болжолдонууда. Буга чейинки котрулган каражаттар социалдык курулуш жана инфратүзүмдүк иштерге жумшалган.

— Сейил бактын мурдагы орду мышык ыйлагыдай абалда болчу. Айланасында тал-теректен башка эч нерсе тигилген эмес. Эл каалагандай кирип-чыгып, талдарды кыйып кетишчү. Азыркы тапта тегерек-чети тосулуп, реконструкция жасалып жатат.

— Бакчанын жасалуусу — эл үчүн жакшы саамалык. Анткени, мурда брусчатканын орду таш болуп, отургучтар жок эле.

— Балыкчыны «өлгөн шаар» деп коюшат. СССР тарагандан бери завод-фабриканын баары жабылып, мекемелер иштебей калды. Ал гана эмес, мэрлер улам алмашып, жылыш болбой келди. Бул иштер азыр жасалганы жакшы, бирок мурда эле ишке кириши керек болчу.

Балыкчылыктар билдиргендей, бүгүнкү күнгө чейин эс алуу үчүн бир да сейил бак жок болчу. Калаа башчылары мунун себебин жергиликтүү бюджеттин аздыгына шылташчу. 2016-жылы сейил бакты калыбына келтирүү долбоору колдоо таап, 8 миллион сомго оңдоп-түзөө иштери башталганын вице-мэр Алишер Таабалдиев билдирди.

— Балыкчы шаарына 3 долбоор тандап алганбыз. Алар: коопсуз шаар, жарык шаар, жашыл шаар. Жашыл шаарга «Ысык-Көлдү өнүктүрүү» фонду тарабынан 4 миллион сом каралса, жарым акчасын «Хелветас» эл аралык ассоциациясы каржылады. Мындан сырткары, жөө адамдар өтчү белгилер, электр жарыгын үнөмдөөчү 500 шам чырак орнотулду.

Ошондой эле, билим берүү тармагына да көӊүл бурулууда. Калаага Советтер Союзу мезгилинде 10 мектеп, 10 бала бакча салынган болсо, азыркы тапта калктын саны өсүп, социалдык мекемелерде көйгөй бар. Үч жыл мурун «Ысык-Көлдү өнүктүрүү» фонду 100 орундуу бала бакча салууга 32 миллион 328 миӊ сом акча которгон. Учурда имараттын 90 пайызы аяктап, пайдаланууга берилүү алдында турат. Калаа тургундары муктаждык канчалык деңгээлде чечилгени боюнча буларды билдиришти:

— Союз тарагандан кийин көптөгөн бала бакчалар жеке менчикке чыгарылып кеткен. Акыркы убактардагы кайтарып алуу иштеринин негизинде, азыр калыбына келтирилген 10 бала бакча иштеп жатат. Албетте, жеткинчектер үчүн бул жетишсиз. Жаңы бала бакча ачылса, кезек күткөндөр азаят.

— Шаар ичиндеги бардык бала бакчада балдарыбыз бир керебетке 2-3төн укташат. Салынып жаткан имараттын ачылышын чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Биринчиден, А. Масалиев көчөсүнө жакын жашагандарга жакшы болмок, экинчиден балдарыбыз жаӊы, таза, жарык бакчадан тарбия алышмак.

Мындан сырткары, Балыкчыда коопсуз шаар долбоору да ишке кирди. Облустун дарбазасы, транзиттик шаар болгондуктан, калк жыш жайгашкан аймактардагы 20 стратегиялык мекемеге 84 камера орнотулду. Ага ушул эле фонддон 9,5 миллион сомго жакын акча сарпталып, тесттик режимде иштеп жатат. Бул кылмыштуулуктун алдын аларын ШИИБ башчысынын орун басары Алмаз Карасартов маалымдады.

— Видеобайкоолор иштеп баштагандан тарта жол эрежесин бузгандар азайды, кылмыштуулук да кыскарды. Ѳзгөчө ууруларды кармоого чоӊ жардам берип жатат. Алдыда шаарды толук кандуу көзөмөлгө алыш үчүн көчөлөрдүн карталарын чийип аныктадык, дагы 35 камера орнотуу керек.

Айта кетсек, Балыкчы шаарынын социалдык, инфратүзүмдүк шарттарын чечүүгө «Ысык-Көлдү өнүктүрүү» фонду «Эскроу-эсептик» тартипте акча которуп келет.

 

Copyright © 2017 Maral FM