Биз менен байланышыңыз

Жапаров Балыкчы-Барскоон жолун куруу маселесин иликтөөнү тапшырды

Кыска кабар | 15 Июн 2021 | 704 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-июнда, «Кумтөрдүн» эмгек жамааты менен баарлашууда өлкөнүн Транспорт жана коммуникациялар министрлигине «Кумтөр» менен биргеликте Балыкчы-Барскоон автожолун куруу маселесин иликтеп баштоону тапшырды.

Мамлекет башчысы унаалардын үзгүлтүксүз, коопсуз жана ыңгайлуу жүрүшү үчүн бардык зарыл болгон заманбап стандарттарга жана талаптарга жооп берген кең тилкелүү жана сапаттуу жол куруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Быйыл даярдык иш-чаралары жана курулуш иштери башталат деп болжолдонууда, үстүбүздөгү жылдын күз мезгилине чейин автожолдун бир катар тилкелерине асфальт төшөө жана курулуш иштерин 2022-жылдын жаз мезгилинде улантуу пландалууда.

Садыр Жапаров учурдагы автожол эгемендик жылдардан бери оңдолбой келе жатканын, ошондой эле жолдун кууш экенин белгиледи.

Президент ишенимдүү жана заманбап транспорттук инфраструктураны жолго коюу аймактын экономикалык абалынын чыңдалышына, анын ичинде Ысык-Көлдүн түштүк тарабындагы туризм тармагын өнүктүрүүгө чоң түрткү берерин айтты.

Copyright © 2017 Maral FM