Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көл КМШдагы эң мыкты курорттук аймактын алдыңкы үчтүгүнө кирди

Кыска кабар | 23 Июл 2019 | 612 | 0

«ТурСтат» аналитикалык агенттиги  жайкы эс алуу үчүн Орусиянын туристтери эң көп тандаган КМШдагы алдыңкы курорттордун рейтингин чыгарды.

Рейтинг орусиялык туристтердин курортторго баруусунун анализинин жана курорттордогу инфратүзүмдүн жыйынтыгынын негизинде түзүлгөн.

Жайкы эс алууга эң мыкты деп эсептелген КМШдагы мыкты курорттордун бештигине төмөнкү эс алуу жайлары кирген:

  1. Казакстандагы Бурабай курорту;
  2. Кыргызстандагы Ысык-Көл аймагы;
  3. Беларусиядагы Нарочь көлү;
  4. Азербайжандын Баку шаарындагы Апшерона курорту;
  5. Армениядагы Севан көлү.

Агенттиктин маалыматы боюнча, орусиялык туристтер аталган курортторго бир-эки жумага келип, эс алууга 50 доллардан 110 долларга чейин коротушат.

Туристтер Кыргызстан тууралуу виза ачтырбай эле барууга болорун, жергиликтүү тургундардын меймандостугун жана орус тилин мыкты билгендигин, даамдуу эттен жасалган тамактар жана мөмө-жемиштер бар экенин, арзан эс алууга боло тургандыгын айтышкан. Ошондой эле, эң арзан эс алуу Ысык-Көлдө, жана эң кымбат эс алуу Бакуда экенин да билдиришкен.

 

Copyright © 2017 Maral FM