Биз менен байланышыңыз

Балыкчыда жашылча-жемиш сактоочу жай ишке кирди

Кыска кабар | 28 Июл 2019 | 655 | 0

Балыкчыда KyrSEFF программасынын колдоосу менен жашылча-жемиш сактоочу логистикалык борбор ишке кирди. Аталган борбордо бир убакта 60 тонна айыл чарба продукциясын сактоого болот.

KyrSEFF программасынын колдоосу менен 36 миң  доллар, ошондой эле электр энергиясын үнөмдөө үчүн ишкананын ээси Евробиримдиктен 3,6 миң доллар грант алды.

Жашылча-жемиш сактоочу жай жергиликтүү дыкандар өндүргөн картошка, сабиз жана пиязды сактоо үчүн курулду. Аталган ишкананын адиси Гульмира Турганбаева билдиргендей, бул жай жергиликтүү фермерлердин кирешелерин артырууга жана түшүмдөрдүн бузулуусун алдын алат.

 

Copyright © 2017 Maral FM