Биз менен байланышыңыз

Балыкчыда коронавируска чалдыккан акыркы бейтап сакайды

Кыска кабар | 5 мая 2020 | 733 | 0

Бүгүн, 5-майда, Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарынан COVID-19 илдети менен ооруган акыркы бейтап айыгып, ооруканадан чыкты. Бул маалымат облустук ыкчам штабынын отурумунда айтылды.

Эске салсак, буга чейин Ысык-Көл облусу боюнча коронавирус менен ооругандардын 10 учуру катталган. Алардын баары айыгып үй карантинине жиберилген.

Сутка ичинде Республика боюнча 25 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Бүгүнкү күнгө чейин жалпы 600 бейтап сакайган.

Кыргызстанда жалпысынан 843 киши аталган ооруга кабылган.

Copyright © 2017 Maral FM