Биз менен байланышыңыз

Коронавирус: Кыргызстанда 10 бейтаптын абалы оор

Без рубрики | 10 Июн 2020 | 376 | 0

Бүгүн, 10-июнга карата Кыргызстанда  коронавирус жуктургандардын саны 2093 адамга жетти. Бул тууралуу брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, стационарларда 495 адам дарыланып жатат. 10 бейтаптын абалы оор, алардын ичинен 2 адам жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда.

-Ооруканадагы 88 бейтаптын абалы орто оор деп бааланып жатат. Калган 397 адамдын абалы канааттандырарлык, — деди Үсөнбаев.

10-июнга карата ооруканадан 1572 адам чыгарылды. Коронавирустун курмандыктарынын саны 26га жетти.

Таласта коронавирустун алгачкы учуру катталды

Copyright © 2017 Maral FM