Биз менен байланышыңыз

Ноокатта COVID-19 вирусунан каза болгон жарандын өлүм себеби изилденет

Кыска кабар | 3 Апр 2020 | 1924 | 0

Ноокаттан COVID-19 вирусунан каза болгон жарандын өлүмүнүн себебин патологоанатомиялык изилдөө үчүн сөөгү паталогоанатомго жөнөтүлдү. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов бүгүнкү брифингде билдирди.

Маалыматка ылайык, изилдөөдөн кийин паталогоанатом тийиштүү кортундусун берет.

Эске салсак, 2-апрелде Ноокат аймактык ооруканасында жаткан 61 жаштагы бейтап каза тапты. Ал чет өлкөдөн келип, стационардык обсервацияда дарыланып жаткан. ПЧР-анализинин жыйынтыгы менен бейтапта COVID-19 инфекциясы бар экени тастыкталды.

Ошондой эле, бейтапта дагы башка кошо өрчүп кеткен оорулары да бар болгон.

Copyright © 2017 Maral FM