Биз менен байланышыңыз

Казакстанда бир суткада 1,5 миң адамдан коронавирус аныкталды

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Июл 2020 | 645 | 0

Акыркы сутка ичинде Казакстанда 1499 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Муну менен вирус жуктургандардын жалпы саны 71 миң 838ге жетти. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү ведомстволор аралык комиссиянын маалыматына таянып, жергиликтүү басылмалар жазды.

Ошондой эле, 43 миңден ашуун жаран аталган илдеттен айыкса, 464 адам каза тапкан.

Коронавирустук инфекциянын 1499 жаңы учурлары катталып, алардын ичинен 793 адамда коронавирустун белгилери байкалса, 706 адамда эч кандай белгилери байкалган эмес, — деп айтылат комиссия өзүнүн Telegram каналындагы билдирүүсүндө.

Оорунун эң көп учурлары Нур-Султанда (226), Алма-Атыда (221) жана Караганды облусунда (148) байкалды.

Copyright © 2017 Maral FM