Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда дагы 3 бейтап коронавирустан айыкты

Кыска кабар | 4 Апр 2020 | 1270 | 0

Бүгүн, 4-апрелде Бишкектеги Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан жана Аксы аймактык ооруканасынан 3 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

Алар 24-25 жаштагы эки эркек жана 45 жаштагы аял.
Бейтаптардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда, кайрадан алынган ПЧР анализи коронавирустун жок экенин көрсөткөн.

Бүгүнкү күндө коронавирус диагнозу менен жаткырылып, айыккан жалпы 9 бейтап стационарлардан чыгарылды.

Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны  144кө жетти. Алардын ичинен 9 адам айыгып, бирөө каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM