Биз менен байланышыңыз

26 жаштагы Марат Кудайбергенов Балыкчыга мэр болду

Кыска кабар | 14 мая 2019 | 806 | 0

Балыкчы шаарынын мэри болуп 26 жаштагы Марат Кудайбергенов шайланды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдирди.

Бүгүн Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттары шаар мэрин шайлашты. Шайлоого катышкан 31 депутаттын 22си Кудайбергеновго добуш беришкен, а калган 9 добушту экинчи талапкер Мирбек Шакиров алган.

Жаңы шайланган мэр Марат Кудайбергеновдун өмүр-баяны тууралуу:

Кудайбергенов Марат Сагынович – “Замандаш” депутаттык фракциясынан. 1993-жылы туулган, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын тургуну. Билими жогорку – Ж. Баласагын атындагы КУУну “Финансы жана кредит” адистиги боюнча бүтүргөн.
6. Иш стажы:
7. 2011-жылдан 2017-жылга чейин – “Алыш Сервис” ЖЧКнын башкы директору;
8. 2017-жылдын августунан КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жардамчысы;
9. 2019-жылдан “КР Президентинин №2 мамлекеттик резиденциясы” ММнын маркетинг жана бош убакытты уюштуруу кызматынын начальниги.
10. Үй-бүлөлүк абалы – үйлөнгөн.

Copyright © 2017 Maral FM