Биз менен байланышыңыз

Балыкчыда санариптештирүүгө 10 млн. сом каралды

Кыска кабар | 17 мая 2019 | 916 | 0

Балыкчыда айрым кызматтарды санариптештирүү боюнча иштер башталды. Бул иш-чаралардын алкагында 2018-жылы башталган муниципалдык мүлктү инвентаризациялоо боюнча иштердин аягына чыгып, географиялык маалыматтык системасынын негизинде Маалыматтык автоматикалык системасын түзүү жана муниципалдык менчикти инвентаризациялоо боюнча иштердин комплекси ишке кирүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Алмаз Мамбетов билдирди.

Программаны ишке ашырууга 337 миң 500 сом сарпталган. Акча каражатынын 158 миң сому «Ысык-Көлдү өнүктүрүү» фондунан, калган акча каражаты жергиликтүү бюджеттен каралган.

Электрондук реестр, шаардын электрондук картасы түзүлүп, Муниципалдык мүлк боюнча электрондук платформа иштеп баштайт.

2019-жылга карата санариптештирүү боюнча иш-чараларга 10 млн. сом каралды. Каржылоо булагы — «Ысык-Көлдү өнүктүрүү» фонду.

2019-2020-окуу жылынан тартып шаардын мектептеринде электрондук күндөлүк системасы киргизилет жана окуучунун социалдык паспорту түзүлөт.

Шаардык бейтапканада жана ооруканада электрондук амбулатордук карта системасы киргизилет.

Электрондук муниципалитет долбоорунун алкагында Балыкчы шаарынын мэриясына келип түшкөн арыздарды, иш кагаздарды электрондоштуруу планга киргизилет.

Аталган багыттар боюнча тиешелүү техникалык тапшырыктар түзүлүп, жакында тендер жарыяланып, иштер аткарыла баштайт.

Ал эми «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында шаарга эки типтеги видеокамералар коюлду. Биринчиси, аппаратттык-программалык комплекстин негизинде айып пулдарды салуу боюнча камералар жана экинчиси, жол эрежесин бузууларды каттаган камералар.

Мындан тышкары, коомдук коопсуздук максатында шаарга 38 чакырым опто-волокондук кабель орнотулуп, 84 видеокөзөмөл камера коюлду. Алар чоң жолдордун кесилишинде жайгашып, Балыкчы шаардык милиция бөлүмүндөгү абалды анализдөөчү борборго онлайн көрсөтүп турат. Видеокөзөмөл аркылуу бүгүнкү күндө 19 кылмыш иши ачылды.

 

Copyright © 2017 Maral FM