Биз менен байланышыңыз

Баалуу сүрөт директорду кызматтан кетиреби?

Билим-маданият | 21 мая 2019 | 738 | 0

Сүрөттөрдү музейден мыйзамсыз алып, сканерден өткөрүп, бюджетке зыян келтирди деген шектин арты менен Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин директору Юристанбек Шыгаев кызматынан кете турган болду. Бул тууралуу «Марал» радиосуна Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди. Анын айтымында, жогорудагы факты боюнча Юристанбек Шыгаев өзү арыз жазган. Ал эми сүрөттөрдүн бузулушу боюнча бул ишти иликтөө үчүн түзүлгөн комиссия чечим чыгарат. Ал эми эмгектерди көчүрмөсүн жасоо үчүн алганын айткан Шыгаев сүрөттөрдү кайра калыбына келтирүүгө убада берген.

Социалдык тармактарда Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин директору Юристанбек Шыгаев музейден Николай Сверчковдун «Лошадь с собакой» жана «Бакуниндин портрети» аттуу сүрөттөрүн алып, бирок бузулган абалда кайтарганы кызуу талкууга алынууда. Шыгаевдин айтымында, ал сүрөттөрдү таанып-билүү максатында, көчүрмөсүн жасоо үчүн алган. Бирок сканерден өткөрүү учурунда бузулуп калган. Бул боюнча Эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаев жооп берүүдөн баш тартып жатат. Берген сурообузга: «Бул боюнча түзүлгөн комиссия жооп берет», — деп тим болду.

— Мен азыр эч нерсе дей албайм. Комиссия иштеп жатат. Ошолор баа беришет. Чечим чыккандан кийин жооп берейин.

Ал эми Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловго кайрылганыбызда, чечим чыга электигин айтты. Бирок чындыгында, сүрөттөрдү алгандыгын моюнга алган Юристанбек Шыгаев өз каалоосу менен иштен кетүү боюнча арыз жазгандыгын билдирди.

— Бизге бул боюнча арыз келип түшүп, ишти иликтөө үчүн курамына көрүнүктүү сүрөтчүлөр, министрликтин кызматкерлери, кайра жасалгалоочулар кирген комиссия түзгөнбүз. Алардын берген аныктамасы боюнча Шыгаев сүрөттөрдү алганы чын болуп чыкты. Аны өзү да мойнуна алды. Учурда комиссия фактыны карап жатат. Юристанбек Шыгаев өзү кызматтан кетүү боюнча арызын жазды. Менде турат. Комиссиянын ишинин жыйынтыгы бүгүн кечинде чыгат.

Сүрөтчүлөрдүн айтымында, музейдеги эмгектерди алып кетүүгө болбойт. Музейдин өзүнүн талаптары бар. Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Адылбек Байтереков эми аны  кайра жасаган күндө да, калыбына келип-келбеши сүрөтчүгө байланыштуу экендигин айтат.

— Мындай такыр болбойт. Сурөттөрдү албаш керек болчу. Менин угушумча, ал сканерден өткөрүптүр. Андай болбойт. Анткени, бул эмгектер сканер бул жакта турсун, температуранын өзгөрүп кетишинен да бузулат. Анын үстүнө, сканер ысык болот да.

20 жылдан ашык өмүрүн музейге арнаган, искусство таануучу Зухра Жаманкулова да Шыгаевдин кылган ишин туура эмес деп баалайт. Анткени, сүрөттөрдү ошол эмгектердин авторлорунун көргөзмөсү болсо гана алууга уруксат берилет. Бирок маселе сүрөттөрдүн даражасына жараша чечилет.

— Эгерде ал ошол сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсүн уюштура турган болсо, уруксат берилмек. Ал үчүн атайын музейлер арасындагы келишим, макулдашуунун негизинде ишке ашат. А бирок өз алдынча алып кетип, колдонгону туура эмес. Алып кетүүгө укугу жок болчу. Ал сүрөттөр элдики. Көргөзмө үчүн алган күндө да, көп этаптан өтүшү керек эле.

Эске сала кетсек, Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин директору Юристанбек Шыгаев музейден Николай Сверчковдун кыл калеминен жаралган «Лошадь с собакой», жана «Бакуниндин портрети» аттуу сүрөттөрдүн түп нускасын алып, аны бузулган абалда кайтарган.

Шыгаев эмгектерди көчүрмөсүн жасоо үчүн алганын, аларды кайра калыбына келтирерин билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM