Биз менен байланышыңыз

Касымалиева: 2020-жылкы парламентик шайлоо абдан оор болот

Кыска кабар , Пикирлер | 20 мая 2019 | 447 | 0

2020-жылкы парламентик шайлоо абдан оор болот. Мындай пикирин Жогорку Кенештин вице-спикери Аида Касымалиева «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, алдыдагы парламенттик шайлоо акчанын, саясий ресурстардын аймактык күрөшү болушу мүмкүн.

Бийлик жаңы муундун кызматка келишине шарт түзүп бериши керек. Парламент көп нерсени чечет. Анткени, аларга жараша өкмөттүн курамы түзүлөт.

«Мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүдө жаштардын квотасын сактоого мүмкүнчүлүк берилген. Жалаң капчыктуулар келсе, траектория дагы эле ошол жакка кетет. Шайлоодо административдик ресурс колдонбой, коротулган каражаттар боюнча жума сайын отчет берүү каралган. Үгүт иштерин чектөө, дебаттарды калтыруу механизмдери керек. Добуштарды эсептөө, сатып алуулар боюнча маселелерди да чечиш кажет. Жогорку Кеңеш босого упайды 5-7 %га түшүрүүнү талкуулап жатат», — дейт Касымалиева.

Ал буга кошумча, кийинки шайлоого санаалаштары менен бирге катышарын, депутаттык кызматын улантуу ниети бар экенин билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM