Биз менен байланышыңыз

Вице-спикер Аида Касымалиева: Менде коронавирус жок

Кыска кабар | 13 Мар 2020 | 872 | 0

Үй карантинине алынган Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева коронавируска карата текшерилип, таза чыкты. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

Анализдин жыйынтыгы боюнча коронавирус жок. Экинчи анализ карантиндин 10-12- күндөрү да алынат, — деп жазат депутат айым.

Маалыматка ылайык, ал Германия парламентинин (Бундестаг) жетекчилери менен жолугушуу үчүн 8-мартта Берлинге барган. Бирок, коронавируска байланыштуу акыркы окуялардан улам көпчүлүк жолугушуулар токтотулуп, 13-март түнү Германиядагы иш сапарынан кайтып келишкен.

“Манас” аэропортунда алар коронавируска анализ беришип, өзү 14 күнгө үй карантинине алынган.

Германия коронавирус боюнча I категориядагы өлкөлөрдүн ичине кирет. Бул өлкөдөн келген кыргызстандыктар (транзит менен келсе да) атайын жайдагы 14 күндүк обсервацияга киргизилет.

Copyright © 2017 Maral FM