Үй карантинине алынган Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева коронавируска карата текшерилип, таза чыкты. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасына жазды.
— Анализдин жыйынтыгы боюнча коронавирус жок. Экинчи анализ карантиндин 10-12- күндөрү да алынат, — деп жазат депутат айым.
Маалыматка ылайык, ал Германия парламентинин (Бундестаг) жетекчилери менен жолугушуу үчүн 8-мартта Берлинге барган. Бирок, коронавируска байланыштуу акыркы окуялардан улам көпчүлүк жолугушуулар токтотулуп, 13-март түнү Германиядагы иш сапарынан кайтып келишкен.
“Манас” аэропортунда алар коронавируска анализ беришип, өзү 14 күнгө үй карантинине алынган.
Германия коронавирус боюнча I категориядагы өлкөлөрдүн ичине кирет. Бул өлкөдөн келген кыргызстандыктар (транзит менен келсе да) атайын жайдагы 14 күндүк обсервацияга киргизилет.