Биз менен байланышыңыз

Петр Порошенко Зеленскийдин инаугурациясына чакырылды

Дүйнө , Кыска кабар | 19 мая 2019 | 448 | 0

Украинанын мурдагы президенти Петр Порошенкону жаңы шайланган президент Владимир Зеленскийдин инаугурациясына чакырылгандыгын  «Украинская правда» интернет басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, Владимир Зеленскийдин инаугурациясынын расмий бөлүгүнө Виктор Януковичтен башка Украинанын баардык президенттери чакырылгандыгы айтылат. Башкача айтканда Петр Порошенкого да чакыруу жиберилген.

Интернет басылманын маалымат боюча, 20-майда жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:00дө Зеленский Жогорку Радага барып, ант бермекчи. Андан соң ал Маринск сарайына жөө барып, расмий делегацияларды тосуп алат.

Тосуп алуудан соң Банкова көчөсү менен барып, чет өлкөлүк президенттер жана өкмөт башчылар менен эки тараптуу сүлөшүүлөргө катышат.

Эске салсак, Жогорку Рада Владимир Зеленскийдин инаугурациясын 20-майга белгилеген. Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясы 30-апрелде шайлоочулардын 73, 22%ынын колдоосу менен расмий түрдө Зеленскийди жеңүүчү деп тапкан.

Copyright © 2017 Maral FM