Биз менен байланышыңыз

Бөрүбашев: Абылгазиев кызматын өткөрүп берсе болмок

Кыска кабар , Пикирлер | 17 мая 2019 | 646 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев саясий маданиятын көрсөтүп, кызматын өткөрүп берсе болмок. Бирок Кыргызстанда мамлекеттик чиновниктер ага барбайт. Анткени, аларда моралдык баалуулуктар өзгөрүп калган. Мындай пикирин саясат талдоочу Бекбосун Бөрүбашев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Азыр «жигиттин сөзү өлгөнчө, өзү өлсүн» деген нерсе жок. «Серый кардиналдын» пайда болушуна бийлик башында тургандар күнөөлүү. Алсак, өкмөттөгү «серый кардиналга» премьер-министри күнөөлүү», — дейт Бөрүбашев.

Анын айтымында, элде тандоо жок болгондуктан, барган сайын мамлекеттик кызматка келгендердин кесиптик деңгээли төмөндөп бара жатат.

«Шайлоодон мурда Ак үйдөн эле ким депутат, президент болорун чечип коюшкан. Азыр да 2020-жылга тизме түзүп, акчаларын санап жатышат. «Бийликтин бутагы — эл» деген сөз — куру кеп. Мамлекеттик кызматты акчага сатып алып бийликке келгендерде: «Кимди кызматка коёрумду өзүм билем, анткени, кызмат менин менчигим», — деген психология калыптанып калган. Мунун баары өлкөдө демократиянын жоктугунан келип чыгат. Кыргызстанда демократия эмес, бай-манаптардын бийлиги бар», — дейт саясат талдоочу.

Copyright © 2017 Maral FM