Бүгүн, 29-январда Жогорку Кеңештин жаңы депутаты Пархат Тулендыбаев ант берип, депутаттык кызматка киришти. Ал «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен депутат болуп келди.
Пархат Тулендыбаев депутаттык мандаты мөөнөтүнөн мурда токтоп, Ош шаарынын мэри кызматына дайындалган Жеңишбек Токторбаевдин ордуна мандат алды.
Тулендыбаев «Республика — Ата-Журт» партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаты болгон.