Биз менен байланышыңыз

Жол эрежесин бузгандарга айып пулдун өлчөмүн азайтуу сунушталды

Коом | 16 мая 2019 | 134 | 0

Бүгүн, 16-майда Жогорку Кеӊештин жыйынындагы «Ар кыл маселелер» саатында эл өкүлдөрү жер-жерлердеги социалдык-экономикалык маселелерди Өкмөткө маалымдап, тез арада чечүүнү сунушташты. Ошондой эле, айрым депутаттар «Коопсуз шаар» долбоорунун кемчиликтери жоюла электигин белгилешип, техникалык каталар жана айып пулдун көлөмү боюнча маселе көтөрүштү. 

«Коопсуз шаар» долбоору ишке киргенден бери жол белгилеринин жетишсиздиги, унаа тыгындарынын көбөйүшү, светофорлордун иштөөсү боюнча маселелер көтөрүлүп, өкмөт аларды чечүү аракетин көрүп жатканын айтып келет. Депутат Кожобек Рыспаев «Коопсуз шаардын» иши жакшы башталды, бирок айып пулдардын көлөмү боюнча аша чаппадыкпы?» — деген суроо салып, кайра карап көрүүнү сунуштады.

— «Коопсуз шаар» долбоору боюнча баарыбыз «оой, сонун болду» дедик элек. Бирок мен ошондо эле айып пулдардын эсебин азайткыла деп какшагам. Бүгүн мына 20 пайызы эле төлөнүп, калганы төлөнгөн жок. Биз алыбызга жараша эмес, айыптарды асмандатып салып алдык. Урматтуу, депутаттар, айып пулдардын өлчөмүн ылдыйлатыш керек. Жок дегенде жол эрежесин бузбай жүрүү үчүн жол чырактарды, жол белгилерин тийиштүү деңгээлде шарттап бергиле. Шарт түзүлбөгөндүктөн, ушул абалга келип отурабыз.

«Манас» аэропортуна кетчү жолдун 27-чакырымында жайгашкан камералар туура эмес айып жазып жаткандыгы тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына кат келип түшкөн. Текшерүү иштеринен кийин камералардын программалык камсыздоосунда берилген ылдамдык боюнча ката кеткендиги аныкталган. Бул тууралуу маалымдаган эл өкүлү Бактыбек Турусбеков мындай катадан улам, айдоочулар жабыр тартып жаткандыгын белгиледи.

— Инженердин катасы моюнга алынып, ылдамдык боюнча чектөө туураланган. Жазылган айыптар төлөнбөйт. Тиешелүү бөлүмгө арыз менен кайрылуу зарылдыгы айтылган. Урматтуу, Ашырбек Мойдунович, бул эмне дегендик? Айдоочуларга айып салабыз, система анын ката экендигин тактайт. Биз анан аларды айып төлөбөөгө арыз жазуу үчүн мажбурлайбыз. Бул үчүн ким жооп берет?

«Долбоор ишке киргенден бери жазылган айыптардын 41 %ы төлөнүп, бюджетке 60 миллион сомдон ашык каражат түшкөн. Мындан улам, айыптардын толук төлөнбөй жаткандыгын чоң мүчүлүштүк катары сыпаттоо туура эмес экенин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов билдирди. Ошондой эле, ал эл өкүлдөрү мыйзамдарды кайра карап чыга турган болсо, айып пулдарды төмөндөтүүгө каршы эместигин кошумчалады.

— Бүгүнкү күндө ошол айып пулдарын убагында, бир айдан ашык убакытта төлөбөгөндөргө мыйзам чегинде туум түзүлүп жатат. Айып пулдун өлчөмү жогору болуп жатат деген пикир биринчи жолу айтылган жок. Эгерде депутаттар бул маселеге байланыштуу мыйзам долбоорун иштеп чыкса, ошолор менен чогуу караганга макулдугубузду билдиргенбиз.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык Кыргызстандагы орточо айлык маяна 15 миң сомдун тегерегинде. Бул көрсөтүлгөн ылдамдыктан саатына 40 чакырымга ашыра айдоого коюлган чектөөнү эки жолу бузган сумма менен барабар. Мындан улам, айып пулдун көлөмү боюнча шаар тургундарынын оюн сурап көрдүк.

— Кыргызда: «Жылкыңа карап ышкыр», — деген макал бар. Эң төмөнкү айлык 1700 сом болсо, айып пул 3000 сомду түзөт. Мурун эң чоң айып пул 1000 сом эмес беле, ошону эле кайтарыш керек.

— Кичине төмөндөтүшсө жакшы болмок. 3000 деген көп. Бирок, кызылдан өтүп кеткенге коюлган айып пул жакшы эле.  

— Бизде орто айып 50 доллар болуп жатат. Бул өнүккөн өлкөлөргө жакшы болушу мүмкүн, бизде мындай сумманы төлөш өтө эле кыйын. Эң көп деген айып 1000 сомго чейин гана болуусу керек.

— Менин оюмча, жол эрежесин бузгандарга эң көп дегенде 200 сом коюлушу керек. Себеби, адамдын жашоо деңгээлине кароо зарыл да.

Кошумчалай кетсек, аппараттык комплекс тарабынан белгиленген айып пул ылдамдыкты ашыруу боюнча 4 категорияга бөлүнгөн:

Жол чырактан өтүп кеткендерге экинчи категориядагы айып: жеке жактарга 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом;

Каршы тилкеге чыгуу боюнча биринчи категориядагы айып: жеке жактарга 1 миң сом, юридикалык жактарга 5 миң сом;

Көрсөтүлгөн ылдамдыктан саатына 40 чакырымга ашыра айдоого төртүнчү категориядагы айып: жеке жактар үчүн 7 миң 500 сом, юридикалык жактар үчүн 23 миң сом;

Аялдама менен унаа токтотуучу жайлардагы эреже бузууда жеке жактарга 1 миң сом, юридикалык жактарга 5 миң сом айып салынат.

Copyright © 2017 Maral FM