Биз менен байланышыңыз

Зеленскийдин инаугурациясы 20-майда өтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 16 мая 2019 | 561 | 0

Украинанын парламенти президенттик шайлоо өткөндөн үч жарым жумадан кийин президент болгону тууралуу аталган өлкөнүн БШКсы тарабынан расмий жарыяланган Владимир Зеленскийдин инаугурациясын 20-майга белгилешти. Мындай чечим бүгүн, 16-майда парламентте 315 депутаттын колдооосу менен кабыл алынды.

Владимир Зеленский өзү инаугурацияны 19-майга өткөрүүнү талап кылган. Бирок, бул датаны 207 гана депутат колдоп, көпчүлүк депутаттар каршы болушту. Себеби, 19-май  Украинада Саясий репрессиянын курмандыктарын эскерүү күнү болуп эсептелгендиктен, депутаттар эки иш-чараны бир күндө өткөрүү орунсуз экендигин билдиришти.

Инаугурация шайлоонун жыйынтыктары расмий жарыялангандан кийин 30 күндүн ичинде өткөрүлүшү керектигин «Голос Украины» газетасы жарыялаган болчу.

Кыска убакыттын ичинде белгиленген Украинанын президентинин инаугурациясы чет өлкөлүк коноктордун келишине тоскоолдук жаратып, АКШнын президенти Дональд Трамптын жана Германиянын канцлери Ангела Меркелдин келе албай калуусу мүмкүн экендигин жергиликтүү саясатчылар билдиришти.

 

Copyright © 2017 Maral FM